КАРА-ТЕЙИТ
КАРА-ТЕЙИТ – Ош облусунун Чоң Алай районундагы кыштак. Жекенди айыл округуна караштуу. Ак-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2200 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот- Коргон кыштагынан 56 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 380 км. Кыштак 19-кылымдын башында негизделген. Калкы 1323 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, мечит бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАП иштейт.