КАРА-ТЕЙИТ
КАРА-ТЕЙИТ – Ош обл-нун Чоң Алай р-нундагы кыштак. Жекенди айыл округуна караштуу. Ак-Суу суусунун боюнда, деңиз деңг. 2200 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Дароот- Коргон кыш-нан 56 км түш.-батыш тарапта. Ош т. ж. бекетинен 380 км. Кыштак 19-к-дын башында негизделген. Калкы 1323 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, мечит бар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ФАП иштейт.