КАРА-СУУ КӨЛҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:28, 21 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ КӨЛҮ Көк-Ирим тоосунун батышын­да, Кеңкол (түштүгүнөн) м-н Такталык (түндүгү­нөн) тоолорунун аралыгында деңиз деңгээлинен 1998 м бийикте жайгашкан. Кара-Суунун (Нарын дарыясынын сол куймасы) башында. Токтогул районунун ай-

Кара-Суу тоо көлү.

магында. Аянты 4,2 км2, көлөмү 223,5 млн м3. Эң терең жери 153 м. Көлгө 10 өзөн куят, негиз­гиси жогору жагындагы Капка-Таш көлүнөн агып чыгат. Андан башталган суу бөгөт аркы­луу 280–300 м төмөн жагынан сарыгып агып чыккандыктан, көлдүн деңгээли 20–25 мге че­йин өзгөрүп турат.