КАРА-СУУ (Ат-Башы районундагы кыштак)
КАРА-СУУ – Нарын обл-нун Ат-Башы р-нундагы кыштак. Кара-Суу айыл округунун борбору. Кошой-Коргон тоосунун этегинде, Бишкек – Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 2140 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыш-нан 20 км батыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 246 км. Кыштак 1929-ж. негизделген. Калкы 4531 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, спорт комплекси бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП, байланыш бөлүмү, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта КРдин эл артисти К. Карасартова туулган.