КАРА-СУУ (Тогуз-Торо районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:18, 20 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак. Кара-Суу айыл округуна ка­раштуу. Нарын дарыясынын оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1275 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 3 км түндүк тарапта. Көк-Жаң­гак темир жол бекетинен 120 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1675 (2007); негизинен дый­кан чарбаларында эмгектенет.