КАРА СУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА СУУ – тоо этектеринде же тоо аралык өрөөндөрдө кыртыш сууларынан чыккан булак же чакан агын суу. Суусу тунук, кээде бир аз минералдашкан. Нымдуу, саздак жерлерден, то­койлордон агып чыгат да, көптөгөн суулардын башаты болот. Ак суудан айырмасы – кара суудан башталган суулар жайында кирбейт, суусунун тазалыгы ж-а тунуктугу м-н өзгөчөлөнөт. Кыргызста­ндын аймагында «кара суу» аталган жер-суу, айыл-кыштактардын аталыштары өтө көп.