КАРА СУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА СУУ – тоо этектеринде же тоо аралык өрөөндөрдө кыртыш сууларынан чыккан булак же чакан агын суу. Суусу тунук, кээде бир аз минералдашкан. Нымдуу, саздак жерлерден, то­койлордон агып чыгат да, көптөгөн суулардын башаты болот. Ак суудан айырмасы – К. с-дан башталган суулар жайында кирбейт, суусунун тазалыгы ж-а тунуктугу м-н өзгөчөлөнөт. Кырг­ндын аймагында «кара суу» аталган жер-суу, айыл-кыштактардын аталыштары өтө көп.