КАРАСУК МАДАНИЯТЫ
КАРАСУК МАДАНИЯТЫ – коло доорунун аягындагы археологиялык маданият (биздин заманга чейинки 2-миң жылдын аягы –1-миң жылдын башталышы). Карасук маданияты негизинен Түштүк Сибирдин тоолуу райондорунда, Казакстанда жана Обь дарыясынын жогорку агымында тараган. Мында эл отурукташкан жайлардын калдыгы жана ар биринде жүздөн ашуун мүрзөсү бар көрүстөндөр калган. Маркумдардын сөөгү таш үкөккө салынып, капталдары таш менен кыналган тегерек же чарчы мүрзөлөргө көмүлгөн. Карасук маданиятынын уруулары энелик доордон аталык доорго өтүү мезгилинде жашаган. Алар мал чарба, дыйканчылык менен кесиптенишип, карапа идиштерин, коло буюмдарын көп жасап, айрымдарын айбандардын сүрөтү менен кооздошкон. Жез казып алып, аны иштетүүнү да билишкен. Моңголия, Байкал, Батыш Сибирь, Орто Азия калкы менен байланышта болгон.