КАРА-СААДАК КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:38, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СААДАК КӨРҮСТӨНҮ – I–V кылымдарга таан­дык дөбө-мүрзөлөр. Куршап суусунун Кара-Да­рыяга куйган жерине жакын жайгашып, 60тай мүрзөдөн турат. Диаметри 5–20 м, бийиктиги 0,5– 1,5 м. Маркумдардын сөөгү казанактуу жайга коюлган. Булардын ичинен 12 мүрзө изилденип, ар кандай түрдөгү жана чоңдуктагы карапа идиш­тер, темир бычактар, азем буюмдар жана башкалар та­былган.