КАРАПЧЫ
КАРАПЧЫ – байыркы жоокерлердин коргонуу куралы. Ал билекке, колдун кырк муунунан чыканакка чейин кийгизилген. К. алгач катуу жыгачтан, булгаары же кайыш капталган шириден, кийин металлдан жасалган. Чокмор, шылк этме, ай балта, кылыч, канжар окшогон куралдардан коргонуу үчүн колдонулган. К-ны атчан жоокерлер пайдаланган. Атма куралдар чыккандан кийин К. пайдаланылбай калды.