КАРА-ОЙ БАТКАК КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ОЙ БАТКАК КЕНИ Ысык-Көл р-нунда, Кара-Ой (Долинка) кыш-нын түш.-чыгышында, Ысык-Көлдүн жээгинде. 1957-ж. табылып, 1965-ж. запасы, дарылык касиети аныкталган. Кен көл түбүндөгү чөгүндүлөрдөн пайда болгон.
Үстүнкү катмары (калыңдыгы 0,2–0,3 м) кү­күрттүү суутек жыттанган, асты бозомук кара (0,3 м) ж-а боз (0,2 м) ылайдан турат. Алардын астында кум ж-а кум-чополуу ылай жатат. Бат­как аз минералдашкан (4,7 г/л), күкүрт суутектүү (100 г баткактагы Н2S 75 мг/лге жетет). Бат­кактын нымдуулугу 43–53%, 0,25 ммден ири бүртүкчөлөр 0,2%тен ашпайт. С. салм. 1,4– 1,5 г/см3. Аянты 2200 м2, орт. калыңдыгы 0,7 м. Запасы 74,6 миң т.