КАРАНТИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:00, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАНТИ́Н (итал. quaranta giorni – кырк күн) м е д и ц и н а д а – жугуштуу оорулардын (чума, холера, чечек ж. б.) чыккан жеринен та­ралып кетүүсүн алдын алуучу административдик, санитардык ж-а эпидемияга каршы чаралар жыйындысы. 14- кылымда Италияда 1-жолу карантин киргизилип, чума та­ралган өлкөдөн келген кемелерди 40 күн порт­ко жолотпой, ачык деңизде кармашкан. Карантинге жеке адам, үй-бүлө, бала бакчасы, жатакана, аскер бөлүгү, кеме, айыл-кыштак, район, облус, мамлекет ж-а өлкө аймагы ж. б. алынат. Карантинге алынган зонадан башка жакка барууга алдын ала абсервациядан (убактылуу бөлүп, медициналык бай­коо жүргүзүү) өтмөйүнчө тыюу салынат. Мөөнөтү оорунун түрүнө жараша (жашыруун мезгилинен ашык) болот. Мисалы, холерада 5 күнгө, ич келте­де – 21 күнгө, сарыкта 1,5–2 айга созулат. Эгер­де карантинге алынган жамаатта же үй-бүлөдө жаңы киши ооруса, карантиндин мөөнөтү ошол күндөн баш­тап кайра узартылат. В е т е р и н а р и я д а – карантин коюунун тартиби, ылаңга каршы көрүлүүчү иш-чаралар, карантиндин мөөнөтү ж-а аны алдын алуу тартиби КРдин айыл чарба министрлиги тара­бынан иштелип чыккан ветеринардык уставда ж-а инст­рукцияларда каралган. Ылаң чыккан очоктон айланадагы жаныбарларга тез жугуучу ылаң­дын диагнозу аныкталганда, тез арада карантин кою­лат. Карантин коюлуучу аймак (айыл, жайыт, ферма, чарба, район) ар бир инфекциялык ылаңдын өзгөчөлүгүнө ж-а ылаң чыккан жердин ыңга­йына ж. б. кошумча факторлорго карата анык­талат. Карантин коюлган учурда аймак аркылуу мал­ды айдап (транспортко салып) өтүүгө болбойт; чыккан ылаңды тез жугузуучу жаныбарлар бул аймактан сыртка чыгарылбайт ж-а киргизил­бейт; ал аймактан жаныбарларды, алардын про­дуктуларын, жаныбар сырьёлорун, тоют даяр­доого тыюу салынат; базарлар жабылат, ошол жердеги соо малды ылаңдуулары м-н чогуу жаюуга, сугарууга, бир сарайда кармоого тыюу салынат; жугуштуу ылаңдан өлгөн малдын өлүгү тез арада өрттөлөт же утилденет; ылаңдаган же ылаң боюнча шектүү малдын тезеги (кыгын, жампасын), төшөлгөсү ж-а тоют калдыгы жу­гушсуздандырылат же өрттөлөт; мал сарайлар­га, куш короолорго баруучу жолдор жабылат. Эгерде темир жол бекетине, аэропортко, көлдөгү, порт­торго карантин коюлса, айыл чарба министрлигинин чечими боюнча ветеринариялык инструкцияга таянып, жаныбарды, алардын продуктуларын, сырьёлорун, тоюттар­ды сыртка же ичке ташууга тыюу салынат. Карантин эрежесинин так аткарылышын мамлекеттик ветери­нар инспекторлор көзөмөлдөйт. Өтө коркунуч­туу жугуштуу ылаң чыккан учурда республикалык, облустук ж-а ветеринариялык уюмдар убактылуу атайын ветеринариялык карантиндик отряддарды, постторду түзүп, карантин эрежелеринин так аткарылышы көзөмөлгө алынат. Карантин ылаң толук токтогондон кийин, пландалган иш-ча­ралар толук аткарылган соң, ветеринариялык инструкция­га таянып, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын (акимчиликтин) чечими м-н алынат. Эл аралык масштабда карантин эрежелерин эл аралык эпизоотия­лык бюро (борбору Парижде) даярдайт.

Д. Раимбеков.