КАРАНАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:37, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАНАЙ – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кызыл-Октябрь айыл округуна караш­туу. Абшыр-Сай суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1250 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 23 км батыш тарапта. Кызыл- Кыя темир жол бекетинен 30 км. Кыштак 1885-жылы негизделген. Калкы 1618 (2007); негизинен дый­кан чарбаларында эмгектенип, мал м-н алекте­нет. Китепкана, бала бакча бар.