КАРАНАЙ
КАРАНАЙ – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Кызыл-Октябрь айыл округуна караштуу. Абшыр-Сай суусунун боюнда, деңиз деңг. 1250 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ноокат ш-нан 23 км батыш тарапта. Кызыл- Кыя т. ж. бекетинен 30 км. Кыштак 1885-ж. негизделген. Калкы 1618 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал м-н алектенет. Китепкана, бала бакча бар.