КАРА-МОЙНОК ТООСУ
КАРА-МОЙНОК ТООСУ – Ички Теңир-Тоодогу Жумгал кырка тоосунун бир тармагы. Түштүгүнөн Батыш ж-а Чыгыш Сөөк суулары, түндүгүнөн Каракол өрөөнү чектейт. Чыгышында Кочкор, батышында Суусамыр тектоникалык өрөөндөрү жатат. Узундугу 64 км, эң жазы жери 16 км, орточо бийиктиги 3850 м, эң бийик чокусу 4281 м (Кара- Мойнок). Негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, порфир, сланец ж-а гранит-диорит тоо тектеринен турат. Түндүк капталында алгачкы плейстоцендин мореналары бар. Батышы жапыз, түндүк капталы тик. Мында тектоникалык жарака аркылуу неогендин чополуу тектери бийик көтөрүлгөн. Неотектоникалык тиби – мегантиклиналь. Торпу м-н Сөөктүн сол куймаларынын ж-а Каракол суусунун башы мөңгүлүү. Шалбаалуу талаа (2500–2800 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (2800–3800 м), нивалдык (3800– 4200 м) ландшафт зоналары мүнөздүү. Терең өрөөндөрдүн айрым жеринде (3000 мден төмөн) майда бадалдар өсөт.