КАРА-МОЙНОК ТООСУ
КАРА-МОЙНОК ТООСУ – Ички Теңир-Тоодогу
Жумгал кырка тоосунун бир тармагы. Түштүгүнөн Батыш ж-а Чыгыш Сөөк суулары, түндүгүнөн Каракол өрөөнү чектейт. Чыгышында Кочкор, батышында Суусамыр тектон. өрөөндөрү жатат. Уз. 64 км, эң жазы жери 16 км, орт. бийикт. 3850 м, эң бийик чокусу 4281 м (Кара- Мойнок). Негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, порфир, сланец ж-а гранит-диорит тоо тектеринен турат. Түн. капталында алгачкы плейстоцендин мореналары бар. Батышы жапыз, түн. капталы тик. Мында тектон. жарака аркылуу неогендин чополуу тектери бийик көтөрүлгөн.
Неотектон. тиби – мегантиклиналь. Торпу м-н
Сөөктүн сол куймаларынын ж-а Каракол суусунун башы мөңгүлүү. Шалбаалуу талаа (2500–
2800 м), субальп ж-а альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаа (2800–3800 м), нивалдык (3800–
4200 м) ландшафт зоналары мүнөздүү. Терең
өрөөндөрдүн айрым жеринде (3000 мден төмөн) майда бадалдар өсөт.