КАРАМАТОВ
КАРАМАТОВ Озодбек (29. 3. 1964-жылы туулган, Ош облусу, Сузак району, Сузак айылы) – экономика илимдеринин доктору (2005). Ташкент айыл чарбасын ирригациялоо ж-а механикалаштыруу инженерлер институтун бүткөндөн (1987) кийин инженердик геодезия кафедрасында ассистент, 1990–92-жылдарда Акмоло (азыркы Астана) айыл чарба институтунун аспирантурасында окуп, кандидаттык диссертациясын жактаган. 1993–94-жылдарда кайрадан Ташкент инженерлер институтунда, 1994–96-жылдарда прогнозстатмамкомунда, 1996–97-жылдарда «Банксугурта» камсыздандыруу компаниясында, 1997–98-жылдарда «Марс-МН» АКда иштеген. 1999-жылы Эл достугу университетине ректор болуп шайланган. 2005–07-жылдарда ушул университеттин экономика, менеджмент ж-а бизнес кафедрасында доцент, 2007–09-жылдарда проректор, 2009-жылдан ректор. 2 монографиянын, 30дан ашуун илимий эмгектин автору.
Эмг.: Рынок земли: реалии и перспективы. Б., 2005; Функционирование и регулирование рынка земли в Кыргызстане. Б., 2008.