КАРАМА-КАРШЫЛЫКТАРДЫН БИРИМДИГИНИН ЖАНА КҮРӨШҮНҮН ЗАКОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:05, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАМА-КАРШЫЛЫКТАРДЫН БИРИМДИГИНИН ЖАНА КҮРӨШҮНҮН ЗАКОНУ – диалек­тиканын универсалдуу үч мыйзамынын бири. Бул закон өнүгүүнүн булагын, себептерин ачып көрсөтөт. Карама-каршылыктардын биримдигинин жана күрөшүнүн закону өзүнүн өнүгүшүндө объективдүү дүйнөнүн нерселери м-н кубулуш­тарындагы байкалбаган, маанисиз багыттар (жактар), тенденциялар маанилүү айырмачы­лыктарга, а түгүл карама-каршылыктарга че­йин өсүп чыгып, алар ич ара бири-бири м-н ка­рама-каршылыкта, күрөштө болот да, ошол нер­сенин же кубулуштун өнүгүшүнүн ички булагы болуп калат. Ар бир нерсе өзүнө өзүнөн башка­ны да камтыйт. Ар кандай объектинин ички карама-каршылыгы – бир эле нерседе бир эле убакта карама-каршылыктар бири-бирине өтүп, сиңип ж-а бири-бирин танып турганында. Карама-каршылык, башкача айтканда активдүү аракет, ка­гылышуу, карама-каршылыктардын күрөшү болгондуктан гана өнүгүү боло алат. Күрөшүп жаткан карама-каршылыктар бири-бири м-н биримдикте болушат, анткени алар бир нерсеге же кубулушка таандык. Мындай биримдик ал­кагындагы карама-каршылыктардын күрөшү өнүгүүнүн булагын түзөт. Бул закон методологиялык гана эмес практикалык мүнөзгө да ээ. Ал өнү­гүүнүн гана эмес, коомдук болмуштун (бытие) чегиндеги адамдардын ортосундагы каршылык­тын булагын да көрсөтүп берүүгө жөндөмдүү. Демек, бул закон боюнча бардык нерсе карама-кар­шылык м-н ички каршылыктын негизинде кыймылга келип, өнүгүп турат. Мисалы, терс за­ряд м-н оң заряддын өз ара тартылуусунан электр тогу пайда болот; бай – кедей, аял – эркек, жаш – кары, жакшылык–жамандык сы­яктуу карама-каршылыктар болгон үчүн гана коом өнүгүп-өзгөрүп турат.