КАРА-КЫР ТООСУ
КАРА-КЫР ТООСУ – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тармагы. Терек ж-а Алайкуу сууларынын (Тардын оң куймалары) аралыгында кеңдик багытта 36 кмге созулуп жатат. Туурасы 12 км. Орточо бийиктиги 3900–4100 м, эң бийик жери 4634 м (Кашка-Суу чокусу). Кыры аска-зоокалуу, капталдары тик, капчыгай, кокту-колот көп. Тоонун чыгыш бийик бөлүгү юра мезгилинин конгломерат, гравелит, кумдук, аргиллит, жапызыраак батышы бордун кызыл түстүү кумдук, алевролит, чопо ж-а акиташ тектеринен турат. Субальп ж-а альп шалбаалуу талаа (2900–3100 мге чейин) басымдуу. Жайыт.