КАРА КЫЗ
КАРА КЫЗ (Lappulla Moench) – өсүмдүктөрдүн
эндиктер тукумунун уруусу. Бир, эки же көп жылдык бозомтук түктүү чөп. Жалбырагы сызгычтай (ланцеттей). Гүлү майда, ачык көгүш,
беш мүчөлүү. Топ гүлү – бурулча. Мөмөсү төрт
бөлүктүү жаңгакча, илмек тикендүү, ошондуктан малдын жүнүнө уйгактай жабышат. Түш. Америка м-н Африкада, о. эле Австралия ж-а Түн. жарым шардын мелүүн алкактарында 50гө жакын түрү кездешет. Кырг-нда 15 түрү тоо этегинде, арык боюнда, аңызда, дың жерде өсөт.
К. к. уруусунун көп түрү – отоо чөп.