КАРАКЧЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКЧЫЛЫК – пайда көрүү максатында жеке менчик, коомдук мүлктөргө кол салуу, зордоп ээлеп алуу. К. негизинен өмүр, саламаттыкка коркунуч келтире турган зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу анык­талат. К-тын объектиси болуп жабырлануучу­нун менчиги; кошумча объектиси болсо анын саламаттыгы; ал эми кылмыш предмети ката­ры бирөөнүн мүлкү эсептелинет. К. атайылап, тике ниетте жасалышы м-н мүнөздөлөт. Мын­дай кылмышты квалификациялоодо айыпта­луучунун күнөөсү гана эмес, кылмыштын жүйөсү да такталышы зарыл. 14 жашка толгон акыл-


эси соо адам гана К-тын субъектиси болуп эсеп­телинет. Алдын-ала бүтүм кылынбай же бүтүм б-ча да бир нече жолу турак жай, имарат ж. б. сактоочу жайга кирүү, курал же курал катарын­да пайдаланылган нерселерди колдонуу, мурда уурулук жасоо, опузалоо ж-а бандиттик үчүн соттолуп, ири өлчөмдө мүлккө ээ болуу макса­тында жабырлануучунун ден соолугуна оор за­лал келтирүү м-н уюмдашкан топ жасаган кыл­мыш К-тын оордотуучу ж-а өтө оордотуучу бел­гилери болуп саналат.

К. А. Бодобаев.