КАРА КҮРҮЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА КҮРҮЧ , г р е ч и х а (Faqopytum Gaerin) – кара күрүчтөр тукумундагы бир же эки жыл­дык чөп өсүмдүгү. Жапайы ж-а эгилме түрү бар.
Өзөк тамырлуу, тамыры топуракка 1 м терең­дикке сүңгүйт. Көп кырдуу, ичи көңдөй, сабагы тик өсөт, көп бутактуу, бийикт. 0,5–1,5 м. Жал­бырагы үч бурчтуу, жүрөк сымал. Мөмөсү – ку­туча дан. Даны күрөң, боз, кара түстө. 1000 даа­на данынын салмагы 20–30 г. Даны катуу ка­быктуу. К. к. кыска мөөнөттө өнүп, өсүүчү өсүмдүк. Өрчүү мезгили 60–90 күн. Үрөнү 5–6 см тереңдикке себилет. Ал баалуу акшак берет, анын даамы жагымдуу, сиңимдүүлүгү б-ча ал­дыңкы орунда. Данында 13–15%и белок, 2,0– 2,5%и кант, 2,0–3,0%и май; 2,2–2,5% күл зат­тары, адамга өтө пайдалуу микроэлементтер (темир, кальций, фосфор, жез, цинк, иод), орг. к-талар, В1, В2, Рр витаминдери ж. б. бар. К. к. гүлдөгөн учурда ар бир га жерден 100–120 кг бал топтоого болот. К. к-түн ондогон сорттору

К а ра к үр ү ч : 1 – гүлдүү бутагы; 2 – мөмөлүү чоку бу­так.

чыгарылган, а. и. Большевик-4, Шатиловский- 4, Калининская, Богатырь белгилүү. Кырг-нда Богатырь сорту жакшы түшүм берет.

Э. Капарова.