КАРА-КҮНГӨЙ (Токтогул районундагы кышта
КАРА-КҮНГӨЙ – Жалал-Абад обл-нун Токтогул р-нундагы кыштак. Чолпон-Ата айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1260 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 64 км түн.-батыш тарапта. Таш-Көмүр т. ж. бекетинен 294 км. Кыштак 1974-ж. негизделген. Калкы 1246 (2008); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет.