КАРА КУШ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА КУШ (Aquila rapax) – шакылдактар туку­мундагы алгыр куш. Бүркүткө, окшош, бирок андан кичине. Дене уз. 80 смге, канатын жайганда 1,5 мге жетет. Кырг-ндын аймагында чанда, учуп өткөн учурда гана жолугат. Ачык талааны ме­кендейт. Майда куштар ж-а кемирүүчүлөр м-н азыктанат. К. к. жылдан жылга азаюуда. 1975-ж. Кырг-нда жок болуп бара жаткан жаныбарлар­дын тизмесине катталып, коргоого алынган.