КАРАКУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКУР (Lyrurus tetrix) – куштардын тоок сымалдар түркүмүнүн каракурлар тукумунун уруусу. Дене уз. 53–57 см, салм. 1,2–1,8 кг. Эр­кеги кара, куйругу эки ача, сыртын карай ийи­лип турат. Мекияны боз чаар. Эки түрү (кадимки ж-а кавказ К-у) бар.

Кадимки К. Азия, Ев­ропа токойлорунда, 40– 50 жыл мурда Кырг­нда Тескей ж-а Күнгөй Ала-Тоо кыркаларын­дагы карагай, бадал аралаш салкын токой­лордо тараган. Түрдүү өсүмдүктөр ж-а курт­кумурскалар м-н азык­танат. К. бири-биринен обочо жерге уялап, 9– 14 жумуртка тууйт, 19– 25 күн басып чыгарат. Бул түрдүн саны жылдан жылга азаюуда. 1975-ж-дан Кырг-ндын Кызыл китебине катталган. Кавказ К. к. – Кавказ тоо­лорунун эндемиги.