КАРА-КУЛЖА (Кара-Кулжа районундагы кыштак)
КАРА-КУЛЖА – Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нундагы кыштак, райондун борбору. Кара-Кулжа айыл округуна караштуу. Кара-Кулжа суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1440 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору Ош ш-нан 105 км чыгыш тарапта. Калкы 11,8 миң (2009); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто ж-а мектеп-интернат, мад-т үйү, оорукана, бейтапкана, мейманкана

бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт. </page> <page> <title>КАРА-КУЛЖА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ</title> <revision> <timestamp>2025-09-30T07:04:43Z</timestamp> <contributor><username>KadyrM</username></contributor><text><![CDATA[КАРА-КУЛЖА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ– дарыланууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Ош обл-нун Кара-Кулжа р-нунда, Кара-Кулжа суусунун оң өйүзүндө, Муз-Төр ж-а Уйгум сууларынын аралыгында. Деңиз деңг. 2700– 2900 м бийикте. Булак жерг. элге илгертен белгилүү. 1953-ж. геол. маалымат берилген. Аймакты карбон мезгилинде пайда болгон кумдук, сланец, акиташ теги түзөт. Бул тектер бүктөлүүгө учурап, ири антиклиналдуу түзүлүштү пайда кылган. Булак антиклиналдуу бүктөлүштүн түн. канатындагы тектон. жаракадан агып чыгат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, бир аз туз даамданат. Темп-расы 8–9°С. Курамы б-ча гидрокарбонат-хлорит-натрийлүү. Дебити 1 л/сек. Ичеги-карын ооруларын дарылоого болот.