КАРА-КУЖУР КӨРҮСТӨНҮ
КАРА-КУЖУР КӨРҮСТӨНҮ , Т а ш - Д ө б ө – б. з. 7–9-к-на таандык археол. эстелик. Нарын аймагындагы Кара-Кужур өрөөнүнүн орто ченинде жайгашкан. Диаметри 44 м, бийикт. 3– 3,5 м. Аны жүзгө жакын майда дөбө-коргон курчап турат. Айрымдарынын жанында тикесинен тургузулган моло таштар бар. Тик казылган көргө маркум, аты ж-а ат жабдыктары м-н бирге коюлган. Казуу учурунда шайынын калдыгы, мончоктор, бычак, тогоо, темир жебелери бар саадак, жаа, коло чөгөрүлгөн кайыш кемерлер, темир ооздук, үзөңгү ж-а жыгач ээрдин калдыгы табылган.