КАРА-КОРУМ ТООЛОРУ
КАРА-КОРУМ ТООЛОРУ – дүйнөдөгү эң ири ж-а бийик тоо тармактарынын бири. Борб. Азияда, Индия (Жамму ж-а Кашмир штаттары) м-н Кытайда. Памирдин түш.-чыгышында, Куньлунь м-н Гималайдын аралыгында жайгашкан. Уз. 500 кмдей (чыгыш уландысы – Чангченмо ж-а Пангонг кырка тоолорун кошкондо 800 кмдей), жазылыгы 150–240 км. К.-К. т-нун борб. бөлүгү – монолиттүү грабен, андан тоо тармактары (Салторо, Сасир ж. б. кырка тоолор) башталат. Деңиз деңг. орт. бийикт. 6000 мдей, эң бийик жери 8611 м (Чогори чокусу), дүйнөдөгү Жомолунгмадан кийинки 2-бийик чоку); 8000 мден бийик көтөрүлгөн дагы 4 чокусу бар. Кыры аскалуу, капталдары тик, корум таш-шагылдуу, туурасынан кеткен терең (1500–2000 м) капчыгайлар м-н тилмеленген. Түш. капталы жазы, түндүгү тик. Ашуулары негизинен 4600–5800 м бийикте (мис., Кара-Корум ашуусу 5575 м бийикте). Тектон. жактан альп бүктөлүүсүнөн пайда болгон ири антиклинорий. Климаты кескин континенттик, катаал. Түш. капталына Инди океанынын муссонунун таасири болгондуктан, жаан-чачын арбын жаайт (500–2000 мм), түн.

капталдарына 100–500 мм түшөт. К.-К. т-нда жалпы аянты 15,4 миң км2 болгон 2300 мөңгү бар; дендрит тибиндеги ири мөңгүлөрү – Сиачен (уз. 75 км), Биафо, Балторо, Хиспар, Римо. К.-К. т. Инд ж-а Тарим д-нын алаптарын бөлүп турат. К.-К. т-нан башталган ири дарыяларга – Шайок (Инд д-нын алабы), Кара-Каш, Жаркенд (Таримдин алабы) кирет. Түн. капталдарында тоо чөлү ж-а талаа, түштүгүндө (инди муссонунун таасиринен) 3000–3500 м бийикке чейин кызыл карагай, гималай кедринен турган токой, өрөөндөрүндө тал, терек, андан жогору талаа өсүмдүктөрү, айрым жерлеринде шалбаа өсөт. 4000 м бийикке чейин арпа, жүгөрү, тоо этектеринде жүзүм, өрүк, бакча өсүмдүктөрү, 3700 мге чейин жемиш бактары (алма, алмурут) өстүрүлөт. К.-К-дагы табияты корголгон эң ири аймагы – Ташикуергань коругу (Кытай).
Ад.: Гвоздецкий Н. А., Голубчиков Ю. Н. Горы. М., 1987.