КАРАКОЛ ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ ЧОПО КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Ак- Суу р-нунда, Челпек кыш-нан 3 км түштүктө, Каракол суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 1800–2000 м бийикте. 1987–91-ж. «Кыргызку­рулушматериалдары» концернинин Тоо-геол. партиясы чалгындаган. Кен аянты калыңдыгы 1,7–20 м келген төртүнчүлүк мезгилиндеги ку­майлуу чопо катмарынан турат. Кумайлуу чо­по саргыч-боз түстө, тыгыздыгы жетишерлик гипстешкен. «100», «125» маркадагы кыш алуу­га жарамдуу. Запасы В категориясы б-ча 582 миң м3, С – 2107 миң м3.