КАРАКОЛ-ТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Борбордук Теңир-Тоо­догу татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Тескей Ала- Тоонун эң бийик чокусу. Караколдун түштүк кап­талынан орун алган. Көөлү суусунун алабында. Узундугу 8 км, аянты 13,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5000 м, этеги 3780 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4390 м. Абляциясынын аян­ты 3,5 км2. 1943–60-жылдарда 2,1 кмге тартылган, музу жукарып, тармактарынан ажыроодо. Мөңгүдөн Көөлү суусунун сол куймасы Каракол-Төр суусу агып чыгат.