КАРАКОЛ-ТӨР МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңир-Тоо­догу татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Тескей Ала- Тоонун эң бийик чокусу Караколдун түш. кап­талынан орун алган. Көөлү суусунун алабында. Уз. 8 км, аянты 13,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5000 м, этеги 3780 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4390 м. Абляциясынын аян­ты 3,5 км2. 1943–60-ж. 2,1 кмге тартылган, музу жукарып, тармактарынан ажыроодо. Мөңгүдөн Көөлү суусунун сол куймасы Каракол-Төр суусу агып чыгат.