КАРАКОЛ (Ысык-Көл облусундагы шаар)
КАРАКОЛ (1889–1920- ж-а 1939–91-ж. П р ж ев а л ь с к) – шаар, Ысык-Көл обл-нун борбору.
Ысык-Көл ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө, Тескей Ала-Тоонун түн. этегинде, Каракол суусунун
боюнда, деңиз деңг. 1690–1825 м бийикте жайгашкан. Республиканын борбору Бишкектен 386 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 219 км (автомобиль жолу б-ча; көл аркылуу 184 км). Калкы 66,3 миң (2009). Шаардын курамына Жыргалаң ж-а Пристань-Пржевальск шаарчалары кирет.
Азыркы шаар жайгашкан жерде эл байыртадан эле отурукташканын ар түрдүү археол. табылгалар айгинелейт. Алар – Челпек ж-а Каракол тарыхый буюм-тайымдары, аэропорттун айланасында жайгашкан ташка чегилген сүрөттөр ж-а сак-усундардын мезгилиндеги көрүстөндөр. Каракол ш. 1869-ж. 1-июлда падышалык бийлик тарабынан эски кербен жолунун боюн-

да (шаар аркылуу Улуу жибек жолунун бир тармагы өткөн) негизделген. Ошол эле жылы 2-июлда шаардын негизги көчөлөрү, аянттары, соода жайлары пландаштырылып, казарма жайгаштырылган. Шаарга Ак-Суу чебинен гарнизон көчүп келип (мурда Ысык-Көл уездинин башкаруу борбору болгон), жаңы аскер чеби Каракол деп аталып, уезддин борборуна айланган.
1869-жылдын аягы – 1870-жылдын башында 12
менчик үй, 50 майда дүкөн болгон. К-до 1872-ж. Ташкенттен ж-а Түркстандын башка шаарларынан келишкен 150 адам (көбүнчө татар, өзбек) жашаган. 1887-жылкы жер титирөөдөн майда көп имараттар кыйрап, кийин шаар Каракол суусун өрдөй курулган. Каракол ш. рев-яга чейин Кырг-ндагы белгилүү шаарлардын бири болгон. 1870-ж. 50дөн ашык дүкөн иштеп, 1872-ж. 150дөй киши жашаса, 1897-ж. карата жашоочулардын саны 8 миң, 1939-ж. 21 миңге жеткен. Борб. Азияга жасаган 5-саякаты учурунда 1888-ж. 20-октябрда орус саякатчысы, географ Н. М. Пржевальский дүйнөдөн кайтып, сөөгү шаарга жакын, Ысык-Көлдүн жээгине коюлган. Падышанын 1889-ж. 11-марттагы жарлыгы м-н К. ш. Пржевальск деп аталып, 1908-ж. 19-мартта ал шаардын герби бекитилген ж-а ал герб бир эле убакта уезддик болуп эсептелген. Анда алгачкы метеостанция (Я. И. Корольков 1881-ж. негиздеген) ж-а китепкана (1905) иштеген. Биринчи журнал («Пржевальский сельский хозяин», 1913-жылдан) чыккан. 1918-ж. К. ш-нда 7 мектеп, аялдар гимназиясы, эркектер окуу жайы, интернат, 4 медресе ж-а ар түрдүү уюмдар иштеген. Орус ж-а чет өлкөлүк саякатчылардын Азияны изилдөөчү базасы болгон. Шаар жайгашкан аймактын рельефи негизинен түз, көл тарапка бир аз жантайыңкы. Шаардын түш. тарабындагы күдүрлүү түздүктөрдү эгилме өсүмдүктөр ж-а шалбаа ээлейт. Түштүгүнөн
чыга бериште Каракол капчыгайы башталат. Анын капталдарында шалбаа ж-а карагайлуу токой өсөт. Климаты континенттик, кышы жумшак, жайы жылуу. Жылдык орт. темп-расы 5°С,
январдыкы –6°С, июлдуку 18°С. Жылдык жаанчачыны 350–450 мм.
Калкы көп улуттуу; кыргыз (54,4%), орус (26,8%), өзбек (3,8%), уйгур (3,6%), татар (2,1%), о. эле дуңган, украин, калмак, казак, немис ж. б. улуттар да жашайт.
К. – облустун маданий ж-а өнөр жай борбору. Негизинен тамак-аш, жеңил өнөр жай жана энергетикалык машина куруу өнүккөн. Алар: «Төштүк» (эт комбинаты), «Ак-Булак» АК, сүт, нан («Сейил») з-ддору, пиво кайнатуу ж-а спирт өндүрүшү; жеңил 2 кичи ишкана («Бугу эне» тигүү ж-а бут кийим ф-калары) иштейт. Машина куруу тармагындагы 3 ишкананын базасында биргелешкен «Улан» ж-а «Ысык-Көл электро» АК-лары түзүлгөн. Негизинен электр-тех. буюмдар-
ды (электр плиткалары ж. б.) чыгарат. «Темир- Бетон» ж-а «Каракол-Таш» АКлары курулуш иштерин аткарат. Шаардын түн.-чыгышында деңиз деңг. 1700 м бийикте жайгашкан аэропорт бар.
Шаарда К. Тыныстанов атн. Ысык-Көл мамл.
ун-ти, Ж. Алышбаев атн. Кооперация ин-ту, Москва ишкердик ж-а укук ин-тунун Каракол филиалы, 2 кесиптик-тех. окуу жайы, 4 техникум, 14 жалпы билим берүүчү (а. и. лицей ж-а гимназия) ж-а муз. мектеп, 16 мектепке чейинки балдар мекемеси бар. Драма театр, край таануу музейи, 5 клуб, 20 китепкана, 2 кинотеатр, 12 кино койгуч , ооруканалар, кургак учук диспансери, тиш дарылоочу 2 бейтапкана, санитария-эпидемиол. станция, 3 үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, базар, ресторан, кафе-барлар, тамактануу жайлары иштейт. Шаарда В. И. Ленинге, Ю. Фучикке, басмачыларга каршы күрөштө курман болгон чек арачыларга, Н. М. Пржевальскийге, К. Тыныстанов м-н Х. Карасевге эсте-

К. Тыныстанов менен К. Карасаевдин эстелиги.
лик тургузулган. Жыгачтан салынган мусулман мечити, чиркөө ж. б. тарыхый ж-а маданий эстеликтер сакталган. Көптөгөн үйлөр, тарыхый имараттар коргоого алынган. Белгилүү адамдар жашаган үйлөргө такталар орнотулган. Белгилүү тилчи, академик Х. Карасаевдин музейи уюштурулган.