КАРА КАЙЫҢДАР
КАРА КАЙЫҢДАР – эки үлүштүү өсүмдүктөр катары (Fagales) ж-а тукуму (Fagaceac). Жалбырагы күбүлмө ж-а дайыма жашыл дарак ж-а бадалдар. Гүлү майда, көрксүз, желекчесиз, көбүнчө бир жыныстуу, демейде татаал топ гүлчөгө чогулган; шамал аркылуу чаңдашат. Мөмөсү жаңгактай. Катардын 2 тукуму (кара кайыңдар, ак кайыңдар) бар. К. к-дын 7–9 уруусу, 600дөй (айрым маалымат б-ча 1000ге чейин) түрү мелүүн, субтропик ж-а тропик алкактарда кезигет. Бир үйлүү энелик дихазийи (жуптуу топ гүл) бир же бир нече гүлдөн турат. Гинецейи (мөмө жалбырактары) синкарптуу, астынкы мөмөлүктүү. Казылып алынган калдыктары бор мезгилинде табылган. К. к. – токой түзүүчү өсүмдүктөр (кара кайың, эмен, каштан ж. б.).