КАРАЙЫМ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:07, 3 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАЙЫМ ТИЛИкарайымдардын тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Карайым тили түндүк (тракай), түштүк (галич) жана крым диалектилери­не бөлүнөт. Негизинен карачай-балкар, крым­татар, кумук, ногой тилдерине жакын. Синтак­сисине славян тилдеринин таасири тийген. Карайым тили 1840-жылдан байыркы еврей, латын, славян графикасын пайдаланган. 19-кылымдын аягынан орус (Россия, Украина), латын (Литва, Польша) графикасындагы алфавитти колдонушат.