КАРАГЫЗ
КАРАГЫЗ (Пионер), Ж е р г е з – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Кереге-Таш айыл округуна караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгышында, Жергез суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1875 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол шаарынан 20 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 244 км. Калкы 513 (2022); негизинен мал м-н алектенет.