КАРАГОЙ-МАЗАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:01, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАГОЙ-МАЗАР – Кичи Алай тоосунун түндүк капталындагы арча токойлуу табигый кооз ай­мак. Ноокат районунун аймагында. Карагой ж-а Мазар (Кыргыз-Ата суусунун башы) сууларынын алабынан орун алган. Узундугу 30 кмдей, туурасы 4 км, орточо бийиктиги 2500–2800 м, эң жапыз жери 1900 м. Аянты 200 км2дей. Өрөөндүн таманы төртүнчүлүк мезгилдин борпоң чөкмөлөрүнө, өрөөндү караган тоо капталдары төмөнкү па­леозойдун акиташ, кремнийлүү ж-а сланец тек­терине толгон. Тоо капталдары аскалуу, тик, терең кокту-колоттор көп. Карагой, Мазар суу­лары ж-а алардын куймалары агып түшөт. Кли­маты континенттик, июлдун орточо температурасы 18,8°С, январдыкы –20,7°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500–600 мм. Талаа (1900–2200 м бийикте; бетеге, дүйүм чөп ж-а бадалдар басым­дуу), шалбаалуу талаа (2200–3000 м; өскүлөң шалбаа жылгыны, альп астрагалы, буудайык, каз таман, шимүүр, кой жалбырак ж. б.), шалбаалуу токой (2200–3200 м; түркстан арчасы, бадалдар жылгын, каз таман, кой жалбырак, шимүүр, альп астрагалы ж. б.), субальп шалбаалуу талаа (2800– 3300 м; бетеге, жылгын, кымыздык, кадимки гашум, каз таман, теңир-тоо пиязы, ыраң ж. б.), альп шалбаасы (3000–3200 мден жогору; бете­ге, тоо сулусу, ыраң, мамыр чөп ж. б.) мүнөздүү. Тоолордун түндүк ж-а түндүк-чыгыш капталдарында арча токою өсөт. Мазар-Тоонун ж-а анын ай­ланасынын кооз ландшафты эс алуу жайларын уюштурууга өтө ыңгайлуу. Мазарга сыйынууга келген эл анын экологиялык тазалыгын сактайт.