КАРА-БУУРА
КАРА-БУУРА , М о л о т о в – Талас обл-нун Кара-Буура р-нундагы кыштак. Бейшеке айыл округуна караштуу. Кара-Буура тоосунун этегинде, Кара-Буура суусунун боюнда, деңиз деңг. 2000 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыш-нан 6 км. Жамбыл т. ж. бекетинен 65 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1201 (2007); негизинен мал чарбасы м-н алектенип, дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП бар.