КАЛАК БУТ КУШТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:58, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛАК БУТ КУШТАР (Peleanitares) – сууда сүзүүчү куштардын түркүмү. Манжалары сүзгүч жаргакча м-н капталган. Тамагында баш­тыкчасы бар, жүнү калың. 6 тукуму, 55 түрү белгилүү. Моногамдар. Жумурткасын эркек, ургаачысы экөөлөп басып, балапан чыгарат. Негизинен балык ж. б. суу жаныбарлары м-н азыктанат. 5 түрү, 1 түр­чөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.