КАЛАЙ (лат. Stannum), Sn – элементтердин мезгилдик системасынын IV тобунда жайгашкан химиялык элемент; атомдук номерни 50; атомдуцк массасы 118,69. Табиятта 10 изотоптун аралашмасынан турат. Литосферанын 8.10–3 %ин түзөт. Калай – күмүш сыяктуу ак, жумшак, жалтырак, ийилгич металл; эрүү t 231,9°C; кайноо t 2687°С. Химиялык бирикмелеринде II ж-а IV валенттүү. Кадимки шартта калай химиялык таасирлерге туруктуу. Абада жай кычкылданат ж-а металлдын бетинде пайда болгон жука оксид кабыкчасы (SnO2) андан ары кычкылдануудан сактайт. Фтор, хлор м-н кошулуп, SnF4, SnCl2 сыяктуу бирикмелерди пайда кылат. Күкүрт м-н ысытканда сульфиддер SnS, SnS2 алынат. Калайдын магний м-н куймасын кислотанын таасири м-н ажыратканда калай гидриди SnH4 - уулуу газ алынат. Азот, аммиак м-н кошулбайт. Көмүртек, кремний м-н реакцияга кирбейт. Көпчүлүк металлдар м-н куймаларды берет Калайдын жез м-н болгон куймасы коло байыртадан бери белгилүү. Суюлтулган кислота ж-а жегичте жай эрийт. Концентрацияланган щелочто эриткенде калайлуу (H2SnO2) ж-а Калай кислотасынын туздары (станиттер ж-а станаттар) пайда болот. II валенттүү калай туздарынын көпчүлүгү - түссүз, сууда жакшы эриген заттар. Ал негизинен калай кенинен алынат. Мисалы, SnO2ни көмүртек же көмүртек (II) оксиди м-н калыбына келтирүүдөн алынат: SnO2 + 2C = Sn + 2CO; SnO2 + 2CO = Sn + 2CO2. Алынган калайдын 40%ы тамак-аш өнөр жайында (тамак-ашты ороо үчүн), подшипниктерди, басмакана куймаларын алуу, буюмдарды каңдоодо, сүрөт өнөр жайында боёк чыгарууда колдонулат. Калайдын алтын ж-а күмүш м-н куймасынан тиш салынат.