КАЙТАЛАП ЭГҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙТАЛАП ЭГҮҮ – 1) өсүмдүктүн түшүмү жый­налып алынгандан кийин, анын аңызына ошол эле жылы экинчи өсүмдүктү эгүү. Мурда эгил­ген н е г и з г и (толук бышып жетилгенде жыйналат), кийин эгилгени к о ш у м ч а же о р т о д о г у (физиологиялык жактан толук жетиле электе жыйналат) өсүмдүк деп аталат. Борбордук Азия м-н Закавказьенин сугат жерлеринде күздүк арпа жыйналгандан кийин, ошол эле аңызга кара күрүч, таруу же жүгөрүнүн эрте бышуучу сортто­рун эгип, 2-түшүм алынат. Бирок, көбүнчө экин­чи айдалган өсүмдүк толук быша электе тоют үчүн чабылат; 2) бир өсүмдүк түрүн бир нече жыл бою бир жерге кайталап эгүү. Мындай кайталап эгүү ык­масы ондогон жылдар бою улантылса, отоо чөп, илдет, зыянечтер көбөйүп, жер арыктап, түшүм кескин төмөндөйт. Ошондуктан туура которуш­туруп эгүү сунуш кылынат.