ИЧКЕ-СУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКЕ-СУУ – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Талды-Суу айыл өкмөтүнө караштуу. Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, деңиз деңгээлинен 1712 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 8 км түндүк тарапта. Балыкчы темир жол бе­кетинен 199 км. Калкы 1417 (2022); негизинен мал м-н алектенишет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, ФАП бар.