ИЧКЕ-БУЛУҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЧКЕ-БУЛУҢ – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Липенка айыл өкмөтүнө караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түштүк-чыгышын­да, көлдүн ичке булуңуна жакын түздүктө, де­ңиз деңгээлинен 1660 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 29 км түндүк-чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 216 км. Калкы 1556 (2022); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, дарыкана, китепкана бар. Медпункт, мончо, соо­да түйүндөрү иштейт.