КАЗ ТАҢДАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗ ТАҢДАЙ (Achillea) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп ж-а чала бадал. Татаал жалбырагы сабакта ке-

зектешип жайгашкан. Себеттери майда калканча топ гүлгө чогул­ган. Ак, кызгылт сары түстө. Мөмө­сү – урукча. Түндүк жарым шардын мелүүн зонасында каз таңдайдын 100 түрү белгилүү. Кыргызстан­да 4 түрү өсөт. Ка­димки каз таңдай кө­бүнчө токой, та­лаа, шалбаалар­да кезигет. Мал жебейт. Элдик ме­дицинада дары ка­тары колдонулат. Каз таңдай көбүнчө арык боюнда, тоо этегинде өсөт. Кадимки каз таңдай Кызыл китеп­ке (мурдагы СССРдин) катталган.