ИТТИФАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:55, 14 Май (Бугу) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИТТИФАК , Иттипак (Биримдик, Союз) – 20-кылымдын ба­шында Түндүк Кыргызстандын Пишпек, Токмок шаарларында жайгашкан татар улутунун буржуазиялык майда катмарларын бириктирүү үчүн уюшулган уюм. Алгач 1905-жылы 5-августта Нижний Новгороддогу Бүткүл Россиялык 1-жалпы мусулмандар жана 1906-жылы 13–23-январда Санкт-Петербургда өткөн 2-жалпы мусулман конгресстеринин чечимдерине ылайык «Россия мусулмандары биримдиги» («Орус мусулмандарынын биримдиги») уюму болуп түзүлүп, кийинки съезддерде «Иттифак» деген кыскартылган аталышка ээ болгон. Россиядагы Февраль революциясынан кийин Убактылуу өкмөттү колдогон. 1918-жылы 5-мартта уюмдун жалпы чогулушу өткөрүлүп, совет бийлигин таанууну ­чечишкен. Большевик Х. Хасанов, А, Шарафутдинов Пишпек уезддик советине Иттифактын атынан делегат болуп шай­ланышкан. 1918-жылы апрелде Х. Хасанов, Б. Му­ратовдордун демилгеси менен Пишпек мусулман­-жумушчуларынын союзу түзүлүп, ушул мезгил­ден тартып ал уюм «Иттифак» татар револю­циячыл совети болуп аталган. Биринчи төрага Б. Муратов болгон. 1918-жылы сентябрь айында та­ратылып, өкүлдөрү улут иштери боюнча комисса­риаттын курамына кирген. КР эгемендик ал­гандан (1991) кийин Кыргызстан элдеринин ас­самблеясынын курамында татар элинин Иттифак деп аталган жаңы коому түзүлгөн.

Ад.: Кыргызстан Компартиясынын тарыхынын очерктери. Ф., 1967; Кыргыз ССР тарыхы, 2 том, Ф., 1973.