ИСФАРА (суу)
ИСФАРА́ – Кыргызстан, Тажикстан ж-а Өзбекстан аймактары аркылуу аккан суу. Узундугу 130 км, алабынын аянты 3240 км2. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, Чоң Фергана каналына кошулат. Фергана өрөөнүнө чыккан жеринде кеңири жайылма-шилендилерди пайда кылат. Июлда кирип, сентябрда тартылат, март–апрель айларында сууга өксү. Жылдык орточо чыгымы 16,4 м3/сек; эң көп чыгымы 48,1 м3/сек, эң азы 4,2 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Өрөөнүндө Тажикстандын Исфара шаары жайгашкан.