ИСТАМБЕКОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ИСТАМБЕКОВА Жийдеш Ногойбаевна to ИСТАМБЕКОВА over redirect) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСТАМБЕКОВА Жийдеш Ногойбаевна (10. 5.1923-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Ша­пак айылы) – терапевт, медицина илимдеринин док­тору (1973), профессор (1974). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы (1973). И. К .Ахунбаев атындагы КММИни бүтүргөн (1946). Талас шаарында участкалык врач (1947–51), Жалал- Абад облустук ооруканасында терапия бөлүмүнүн баш­чысы (1951–53). 1961-жылдан КММИнин факультеттик терапия кафедрасынын профессору. 80ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде 1 монография, 1 окуу китеби бар. Негизги эмгектери Кыргызстандын бийик тоолуу шартында өпкөнүн өнөкөт сезгенишинин кли­никалык-функциялык өзгөчөлүктөрүн ж-а би­йик тоолуу Жети-Өгүз курортунун минералдуу сууларынын жүрөк-кан тамыр системасына тий­гизген таасирин изилдөөгө арналган.

Эмг.: Гипертоническая болезнь. Ф., 1968; Хрони­ческая пневмония в горных условиях. Л., 1979; Актуальные вопросы пульмонологии. Б., 1990.