КАЛП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:20, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛП – кыргыз балдар фольклорундагы жанр.Турмушта кездешпеген, акыл-эс нормасына сый­бай турган окуялар юмордук негизде баяндалат. Калптар чечендикке, сөзгө чеберликке тарбиялоо жана көңүл ачуу максатында айтылат. Калп элдик оозеки чыг­армачылыкта кара сөз же ыр түрүндө кездешет. Кыр­гыз элинде «Чоң чымын», «Улак чымын», «Че­гиртке минген киши», «Кырк ооз калп» дагы ушул сыяктуу калптар бар. Калптар башка элдердин оозеки адабиятын­да да (мисалы: орус фольклорунда ал «небылицы» деп аталат) кездешет.