ИСМАИЛОВА Эмилия

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:05, 14 Май (Бугу) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСМАИЛОВА Эмилия Иринчеевна [07. 05. 1934, СССР, РСФСР, Бурят-Моңгол АССРи, Алар (бурят. Алайрай) аймагы, Нукуты кыштагы) – философ, философия илимдеринин доктору (1989), профессор (1991). Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген кыз­маткери (2006). 1962-жылы Иркутск мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1965–1971-жылдарда Волгоград медицина институтунда доцент, 1971–1978-жылдарда Москва шаарындагы Семашко атындагы медициналык стоматология институтунда доцент, 1978–1988-жылдарда Моң­гол мамлекеттик университетинде окутуучу, 1988–1998-жылдарда Кыргыз Мамлекеттик Медициналык институтунда, 1998-жылдан К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин «Кытайдын социалдык жана экономикалык сабактары» кафедрасынын башчысы.

Эмг.: Традиции и обычаи народов СССР. М., 1970; Социалистический быт: ретроспектива и перспекивы. М., Наука, 1986; Экология и здоровья. Б., 1989; Проб­лемы духовности: из размышлений в переходный пе­риод. Б., 2002; Философия (учебник). Б., 2007; Исто­рия китайской философии. Б., 2009.