ИСКРА (Чүй районундагы кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:41, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ИСКРА to ИСКРА (Чүй районундагы кыштак)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

И́СКРА – Чүй районундагы кыштак. Искра айыл округуна караштуу. Бишкек – Балыкчы авто­мобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 908 м би­йиктикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Токмок шаарынан 12 км чыгыш та­рапта. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 3524 (2022); негизинен дыйкан чарбасында эмгекте­нет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана бар. Чүй кушкана фабрикасы, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.