ИСКЕНДЕРОВА Суусар

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:33, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ИСКЕНДЕРОВА to ИСКЕНДЕРОВА Суусар) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКЕНДЕРОВА Суусар (8. 5. 1953-жылы туулган, Чүй облусу, Чүй району, Арпа-Тектир айылы) – адабият таануучу, филология илимдеринин доктору (2007), КР эл агар­туусунун отличниги (1996). 1974-жылы ОшМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1974–79-жылдарда Ош шаарын­дагы Ю. А. Гагарин атындагы орто мектепте муга­лим, 1980–84-жылдарда ОшМУда окутуучу, 1984–87-жылдарда КМУнун кыргыз адабияты кафедрасынын аспиран­ты, 1987–94-жылдарда ушул эле кафедрада окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1994–2009-жылдарда БГУда ка­федра башчысы, 2009-жылдан проректор. 2 мо­нографиянын, 60тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 ме­тодикалык окуу куралдын автору.

Эмг.: Кыргыз адабиятынын тарыхы боюнча мето­дикалык көрсөтмөлөр жана текшерүү иштеринин темалары (авторлош). Б., 1993; Н. Байтемировдун прозалары. Б., 1994; ХХ кылымга чейинки кыргыз кол жазма адабияты менен фольклорунун айрым маселелери. Б., 2005.